Ошто айылдашынын өлүмүнө шектүү адам кармалды

Кылмышка шектүү.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Жылкелди айылынын 33 жаштагы тургуну айылдашын бычактап өлтүргөн деп шек саналууда.

Окуя ушул жылдын 13-февралында болуп, кылмышка шектүүнү беш күндөн кийин милиция кармаганын Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Баштапкы маалыматтарга караганда, айылдын 50 жаштагы тургуну менен шектүү кыштактагы дүкөндө спирт ичимдигин ичишкен. Ортодо чыр чыгып, аягы бычактоо менен бүткөн. Жараат алган киши Кара-Суу райондук ооруканасында каза тапкан.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-берененин негизинде иш козголгон. Шектүү райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. (ArN)

Дагы караңыз

Путин Донецк жана Луганскиден келген ар бир качкынга 10 миң рублдан берүүнү тапшырдыУкраинанын мамлекеттик сайттарына хакердик чабуул Өзбекстандын аймагынан жасалганы айтылдыБУУ Тажикстанга гуманитардык жардам жибердиАКШ президенти: Путин Украина менен согуш баштоого даяр