Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:52

Путин Донецк жана Луганскиден келген ар бир качкынга 10 миң рублдан берүүнү тапшырды


Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн чыгыш аймактарынан Ростов облусуна келген ар бир качкынга 10 миң рублдан берүүнү тапшырды. Качкындарды жайгаштырууну көзөмөлдөө үчүн Ростов облусуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысынын милдетин аткаруучу жиберилди.

Буга чейин Украинанын Донецк жана Луганск облустарындагы жикчил республикалардын башчылары эвакуация жарыялашкан. Алар украин аскерлери чабуул жасашы мүмкүн деп жүйө келтирүүдө. Киев болсо чабуулга даярдык көргөнүн четке кагууда.

Орусияга ете тургандардын так саны айтыла элек. Донецкилик жикчилдердин башчысы Денис Пушилин "Россия 24" телеканалына курган маегинде бир эле Донецкиден келген качкындардын саны "жүз миңге жетиши мүмкүн" экенин четке каккан жок.

Акыркы эки күндөн бери украин аскерлери менен жикчилдер бири-бирин аткылоодо деп айыптап келишет.

16-февралдын кечинен 17-февралдын таңына чейин гана ЕККУнун миссиясына кармашуу линиясында 500дөн ашык снаряддын жарылуусун каттаган.

Жума күнү кечинде Донецк жикчилдеринин башчылары Донецк полициясынын башчысынын унаасы жарылганын жарыялашты. Машина жикчил бийликтер жайгашкан имараттын сыртына токтотулган. Эч ким зыян тарткан эмес.

XS
SM
MD
LG