Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:21

Украинанын мамлекеттик сайттарына хакердик чабуул Өзбекстандын аймагынан жасалганы айтылды


Украинанын санариптик трансформация министри Михаил Федоров 15-февралда жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө өлкөнүн мамлекеттик серверлерине жана банктарына хакердик чабуул болгонун билдирди.

Чабуул Өзбекстандын аймагынан дагы жүргөн.

"Чабуулдардын башталышы Орусия менен Кытай болду. Секундасына болжол менен 600 миң пакет зыяндуу трафик жөнөтүлгөн. Биздин адистер бул чабуулдардын мизин тез кайтарды. Бирок андан кийинки чабуулдар Чехия жана Өзбекстан аркылуу жасалган. Бул чабуулдарга дагы бөгөт коюлган. Колдонуучулар кол салууну сезген жок", - деди Федоров өзүнүн Telegram каналында.

Министр Украинанын Коргоо министрлигинин, Куралдуу күчтөрүнүн, Приватбанктын жана Ощадбанктын сайттары да DdoS чабуулдарына кабылганын айтты.

15-февралда Украинада Коргоо министрлиги баштаган бир катар өкмөттүк мекемелердин жана банктардын сайттары киберчабуулга (DDoS) кабылган. Associated Press жаңылыктар агенттиги маалымдагандай, хакердик чабуулга Украинадагы кеминде он веб-сайт кабылган.

Украин өкмөтү расмий билдирүүсүндө киберчабуулдун артында ким турганын так айтпаса да, Орусиядан шек санап жатканын ишарат кылган.

XS
SM
MD
LG