АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалыктарга Украинадан мүмкүн болушунча тезирек чыгып кетүү кеңешин берди.
“Орусиянын кол салуу коркунучу өскөндүгү жана COVID-19га байланышкан кырдаалдан улам Украинага барбай тургула”, - деп айтылат 10-февралдагы кеңеш-билдирүүдө.
Мамдеп кошумчалагандай, “Украинада жүргөндөр коммерциялык каттамдар же башка жолдор менен чыгып кетүүгө тийиш”.
АКШнын тышкы саясий мекемеси Орусия кошуна өлкөсүнө каршы “аскердик аракет көрө турган болсо, тоз-тополоң, кагылышуулар чыгып кетиши ыктымал” деп эсептейт.
100 миңден ашуун аскерин жана техникасын Украина менен чек арага топтогон, Беларуста масштабдуу машыгуу өткөрүп жаткан Орусия кошуна өлкөгө басып кирүүнү көздөйт деген кооптонууну четке кагууда. Бирок куралдуу күчтөрүн алып кетүү үчүн бир катар коопсуздук кепилдиктерин талап кылган.
1-февралда Мамлекеттик департамент америкалыктарды Беларуска да барбай турууну эскерткен.
Канада дагы өз жарандарына “Орусия жараткан коркунуч жана куралдуу жаңжал ыктымалдыгынан улам” Украинага баруудан кармануу кеңешин берген.
Дагы караңыз
Орусия мигранттардын ишин абактагы жарандарына бергиси келетСот реформасын колдоо боюнча "Укук булагы" долбоору иштеп баштадыПутин: Москва Январь окуяларында Казакстанга "тирек-таяныч" болду