Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:44

Путин: Москва Январь окуяларында Казакстанга "тирек-таяныч" болду


Токаев жана Путин. Москва, 10-февраль 2022-жыл
Токаев жана Путин. Москва, 10-февраль 2022-жыл

Орусия президенти Владимир Путин казак мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен кездешүүдө Москва Январь окуяларында кошуна өлкөгө "тирек-таяныч" болуп бергенин билдирди. Орусия баштаган Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) Токаевдин өтүнүчү менен эки миңден ашуун бейпилдик аскерлерин жиберген. Казак президенти "сырттан кол салуу" болгонун айткан эле.

10-февралда Москвадагы сүйлөшүүлөрдө Путин ошол версияны колдоп, Казакстан "ички кырдаалдан пайдаланып кеткен эл аралык бандалардын курмандыгы болгонун" айтты. Ошол эле маалда сырттан келген террорчулар тууралуу билдирүүлөрдү бышыктаган фактылар келтирилген эмес.

Бир катар эксперттер ЖККУ контингентинин киргизилиши менен Орусия Казакстандагы, жалпы чөлкөмдөгү позициясын бекемдеди деп эсептешет.

Президенттин кеңсеси Токаевдин визити учурунда билим берүү, санариптештирүү, космосту изилдөө, атомдук энергетика тармагындагы адистерди даярдоо жана башка келишимдерге кол коюларын билдирген.

Январдагы кандуу окуялардан кийин казак лидери ушуну менен экинчи жолу чет өлкөгө барды. Буга чейин Бээжин Олимпиадасынын ачылыш аземине катышкан.

XS
SM
MD
LG