ЖК: Башкы прокуратура Мадумаровду жоопко тартууга макулдук сурап кайрылды

Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңештин жалпы сессиясында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга уруксат берүү тууралуу Башкы прокуратуранын өтүнүчү талкууланып жатат.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жетекчиси Медер Алиев аталган комитет буга байланыштуу депутаттык комиссия түзүү чечимин кабыл алганын билдирди.

"Эртең менен Башкы прокуратуранын сунушу келип түштү. Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө. Комитет кезексиз жыйынын өткөрүп, төмөнкү чечимге келди. Башкы прокурордун сунушу боюнча Жогорку Кеңеште атайын депутаттык комиссия түзүү жөнүндө маселе киргизилсин", - деди Алиев.

Жыйында айрым депутаттар башкы прокурор Курманкул Зулушев жыйынга катышсын деген талап коюшту.

Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары бир нече жолу сурак берген. Депутат муну бийликтин басымы катары баалаган.

Саясатчы 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Ошол кезде Мадумаров Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу.

Депутат документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап, соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырган. Бул иш боюнча Мадумаров менен Малайзиядагы элчи Азимбек Бекназаров 19-январда беттештирилген.

Президент Садыр Жапаров 17-январда "Вечерний Бишкек" басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду "чыккынчылык" деп атаган. Бийлик кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө Тажикстан ал протоколду бетине кармап жатканын айтып келет. (TSh)

Дагы караңыз

Беларуста Орусия менен биргелешкен машыгуу башталдыЖапаров Нарындагы ГЭС боюнча Орусия менен бир пикирге келишкенин айттыКазак парламентинде кыйноолор тууралуу сөз болдуТүркия жана Катар Кабул аэропортун колго алгысы келетНарында кургак учук жуккан бейтаптардын абалы