Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:14

Беларуста Орусия менен биргелешкен машыгуу башталды


Беларус жана орус аскерлеринин машыгуу алдындагы инспекция маалында. 4-февраль, 2022-жыл.
Беларус жана орус аскерлеринин машыгуу алдындагы инспекция маалында. 4-февраль, 2022-жыл.

Беларуста Орусия менен биргелешкен машыгуу башталды. 10 күндүк иш-чарада эки өлкөнүн куралдуу күчтөрү Батыштын жана Украинанын ыктымал чабуулуна туруштук берүү, терроризмге каршы туруу, союздук мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо максаттарын аткарышмакчы. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.

Машыгуу өткөрүүнү эки президент былтыр декабрда жактырган.

Ага катышкан жоокерлердин жана техниканын саны айтылган жок. Орусия кошуна өлкөгө зенит-ракета комплекстерин, истребител, башка согуш учактарын, замбирек дивизионун жөнөткөн.

Бул кадам Батышты ого бетер тынчсыздандырды. Ага чейин эле орус күчтөрүнүн украин чегине жайгаштырылышы Москва кол салууну көздөп жатат деген шектенүүнү пайда кылган эле.

Беларус чек арасынан Киевге орус чек арасынан караганда жакыныраак.

Батыш өлкөлөрү Кремлди өз аскерлерин украин чегинен алып кетүүгө үндөп келет. Орусия Украинаны басып алууну пландоодо деген айыптоону четке кагып, өз куралдуу күчтөрүн өлкө ичинде каалагандай которуштура аларын айтууда. Ошол эле маалда аскерлерин алып кетүү үчүн Батыштан кеңири коопсуздук кепилдиктерин талап кылууда. Орусия "Украина НАТОго кошулбашы керек" деген шарт койгон.

XS
SM
MD
LG