Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Казак парламентинде кыйноолор тууралуу сөз болду


Башкы прокурордун орун басары Асет Шындалиев. Нур-Султан. 9-февраль, 2022-жыл
Башкы прокурордун орун басары Асет Шындалиев. Нур-Султан. 9-февраль, 2022-жыл

Казакстандын прокуратура органдарына «тергөөдө уруксат берилбеген ыкмаларды пайдалануу» тууралуу 250 арыз түштү. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Асет Шындалиев 9-февралда парламентте билдирди.

Анын айтымында, 133 арыз боюнча кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын өкүлү жабыркагандардын укуктары кантип корголору, Ички иштер министрлиги адам укуктарын бузууларды кандайча жоеру, кенемте кантип төлөнөрү тууралуу суроолорго жооп берди.

Жыйында айтылган маалыматка караганда, полиция бөлүмдөрүндө видео көзөмөл камералары орнотулууда, тартип коргоочулардын кызматынан кыянат пайдалануу учурлары иликтенип жатат.

Социалдык тармактарда кыйноолор тууралуу маалыматтар тарагандан кийин бийлик айрым кишилерге ырайымсыз мамиле жасалган учурлар «балким болгон» деп моюнга алган.

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму Казакстан бийлигин кыйноо учурларын териштирүүгө, күнөөлүү адамдарды жоопко тартууга, активисттердин укуктарын сактоого, январь окуяларын, анын ичинде полициянын ок чыгаруусун иликтөөгө эл аралык эксперттерди катыштырууга чакырган.

Январдагы башаламандык кан төгүү менен коштолуп, расмий маалыматтарда 227 киши каза тапканы айтылып жүрөт. Бирок укук коргоочулар мерт кеткендер мындан көп экенин билдирип келишет.

Алар күч түзүмдөрүнүн колунан каза тапкандардын арасында нааразылык акцияларына тиешеси жок бейкүнөө адамдар да болгон деген фактыларды чогултушкан.

XS
SM
MD
LG