Депутат оң рулдуу унааларды киргизүүгө уруксат берүүнү сунуштады

Чолпон Султанбекова.

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова 9-февралдагы парламенттин отурумунда өлкөгө оң рулдуу унааларды киргизүүгө уруксат берүү зарылдыгын айтты.

Анын айтымында, жол кырсыктарынын дээрлик 60%и оң рулдуу машинелердин айынан эмес, жолдо жүрүү эрежелерин билбегенден улам болууда.

"Азыркы тапта Жапониядан машине сатып алууга мүмкүнчүлүк жок. Ушундан улам алар үчүнчү өлкөлөрдөн алууга мажбур. Армения, Абхазия, Грузиядан машинелер келип жатканын баарыңар билесиңер. Алардын сапаты айтпаса деле белгилүү. Ушундан улам бул маселени өкмөттө талкуулашыңар керек. Оң рулдуу машинелерди алып кирүүгө салынган тыюуну алып эле койгонубуз оң деп ойлойм", - деди Султанбекова.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев оң рулдуу унааларды алып кирүү мүмкүн экенин, бирок аларды каттоо жана колдонууга өлкөдө тыюу салынганын эскертти.

Султанбекова мындай чектөөлөрдөн экология, катардагы жарандар жабыркап жатканын айтып, жаңы унаалар кирсе күйүүчү май жана техниканы оңдоого кеткен каражат үнөмдөлмөк деди.

Оң рулдуу автоунаа менен жүргүнчүлөрдү жана коммерциялык жүктү ташууга тыюу салган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси парламенттин VI чакырылышында да бир нече ирет көтөрүлгөн.

Парламент 2013-жылдын 19-июль айында 2016-жылдын 1-январынан тартып оң рулдуу унааларды коммерциялык багытта колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзамды кабыл алган.

Бирок аны ишке ашыруу маселеси кайчы пикирлерди жаратып келген. Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш 2016-жылы 3-мартта оң рулдуу автоунаа менен эл ташууга тыюу салуунун мөөнөтүн 2020-жылга чейин узарткан.

Буга чейин Ички иштер министрлиги жол кырсыктарына оң рулдуу автоунаалар көбүрөөк кабылаарын билдирген. (BCh)

Дагы караңыз

Венада Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр жанданды Бейшеналиев: Тез жардам ооруканасында жаңы жетекчи иштеп жататКадр саясатындагы инсандын орду: медицина реформаланабы же?..Парламентте 60тай кызматкер кыскартылганы жатат "Ысык-Көл" аэропортунда жаңы күтүү залы ачылды