Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:27

Бейшеналиев: Тез жардам ооруканасында жаңы жетекчи иштеп жатат


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Клиникалык тез жардам ооруканасына жаңы дайындалган башкы дарыгер Дамир Дүйшөновду президент Садыр Жапаров менен жолуктурганын билдирди.

Бул тууралуу ал 9-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында айтты. Анын сөзү боюнча, Дамир Дүйшөнов Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлгөн мурдагы Травматология жана ортопедия боюнча илим изилдөө борборунда 14 жыл иштеген.

“Ал балага айтсам (Дамир Дүйшөновго-ред.) “мен Сабырбек Жумабеков менен жакшымын. Аны менен сүйлөшүп жумушту алып кетем” деди. Ошондон кийин мен аны президент менен жолуктурдум. Азыр ооруканада ишти өткөрүп алуу болуп жатат. Сабырбек Артисбекович өзүнүн кабинетинде отурат”.

4-февралда Алымкадыр Бейшеналиев Травматология жана ортопедия илимий борборунун директору Сабырбек Жумабековду кызматтан бошоткон. Борбор жоюлуп, ордуна Клиникалык тез жардам ооруканасы иштей баштарын билдирген.

Сабырбек Жумабеков президент Садыр Жапаров айтмайынча кызматынан кетпей турганын билдирип, министрдин бул чечимин сындап келатат. 5-февралда бир нече адам акцияга чыгып, Бейшеналиевдин отставкасын талап кылышкан. Оорукананын айланасындагы окуяларды иликтөө боюнча атайын комиссия иштеп жатат. Жумабеков кызматтан кеткен-кетпегени белгисиз.

Травматология жана ортопедия илимий борбору Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлгөндөн кийин директорлук кызмат жоюлган. Оорукананы башкы дарыгер жетектейт.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борбору ооруларды реабилитациялоо жана илимий багыттагы дарыгерлерди даярдоо максатында 2004-жылы Бишкек шаардык №4 оорукананын базасында түптөлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG