Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Венада Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр жанданды


Сүйлөшүүлөрдүн буга чейинки айлампасы. Вена. 1-май, 2021-жыл
Сүйлөшүүлөрдүн буга чейинки айлампасы. Вена. 1-май, 2021-жыл

АКШ менен Ирандын Венадагы тикелей эмес сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы башталды. Тегерандын атомдук программасы боюнча 2015-жылкы келишимди жандандыруу талкуусуна Британия, Кытай, Франция, Германия, Иран, Орусия жана Кошмо Штаттар катышууда. Дипломатиялык булактардын бири AFP агенттигине айтып бергендей, делегациялар Австриянын башкалаасына 8-февралда барышты.

Венадагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы 28-январда токтоп, дипломаттар кеңешүүгө өз өлкөлөрүнө тарап кеткен.

2015-жылы Иран менен алты мамлекет (Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия) макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Ислам жумурияты өзүнүн өзөктүк программасын чектеп, бул үчүн санкциялар акырындык менен алынмак. Бирок 2018-жылы АКШ келишимден чыгып кетип, жазалоочу чаралар кайрадан киргизиле баштаган. Иран анын артынан өз милдеттемелерин аткаруудан баш тарткан.

Ирандын делегациясын Али Багери жетектеп барды. Маалыматтарга караганда, Вашингтон акыркы этапта тикелей сүйлөшүүнү көздөгөн. Бирок Тегерандын шарты менен мурдагыдай форматта уланмай болду.

АКШ сүйлөшүүлөрдүн алдында "Тегеран менен макулдашууга жетишүү мүмкүн, бирок бул жаатта тезирээк чара көрүү зарыл" деп билдирди.

"Эмне дегенде Иран атомдук программасын алга жылдырып жатат. Бир нече жуманын ичинде мунаса табылбаса, баштапкы келишимге кайтуу Вашингтон үчүн мүмкүн болбой калат", - деп айткан Мамлекеттик департаменттин өкүлү.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Саид Хатибзадех “санкцияларды алуу шарты Тегеран үчүн эң маанилүү маселе” деп айткан.

Шейшембиде Еврошаркеттин тышкы саясат иштери боюнча жетекчиси Жозеп Боррелл АКШдан да, Ирандан да сунуштар түшкөнүн билдирди.

Батыш Ислам жумуриятын өзөктүк куралды байытууда деп айыптаса, Тегеран ал программасы тынчтык максатты көздөй турганын айтып келет.

ы көздөй турганын айтып келет.

XS
SM
MD
LG