Равшан Жээнбеков карындашы суракка чакырылганын кабарлады

Иллюстрациялык сүрөт.

Саясатчы Равшан Жээнбеков карындашы, мурдагы судья Мира Жээнбекова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) 7-февралда сурак берип чыкканын маалымдады. Жээнбеков "Азаттык" радиосуна Мира Жээнбековага "коррупция" беренесинин негизинде иш козголгонун билдирип, муну негизсиз жана өзүнө карата басым жасоо аракети деп атады.

УКМКнын басма сөз кызматы Мира Жээнбекованын суракка чакырылганы боюнча тактап, маалымат берилерин билдирди.

2021-жылы апрель айында УКМК Жээнбекова мыйзамсыз баюуга шек саналып жатканын, ал мыйзамдуу киреше булагы жок болсо дагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөр жана бир катар коммерциялык объектилерге ээ экенин кабарлаган. 74 кымбат баалуу батири, 19 соода жайы, 10 автоунаа токтотуучу жайы, Бишкекте ыңгайлуу аянттардагы жер тилкелери аныкталганын маалымдаган.

Жээнбекова аталган айыптарды толук четке каккан. Мира Жээнбекова Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча коллегиясынын судьясы болуп 2016-жылы дайындалган. Равшан Жээнбековдун айтымында, карындашы былтыр иштен алынган. (TSh)

Дагы караңыз

Депутат Атамбаев УКМК мыйзамын сынга алды Зулушев прокурорлордун соттук териштирүүлөрүнө катышарын айттыКыргызстандык футболчу "Галатасарайдын" негизги курамы менен машыгууда