Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:47

Кыргызстандык футболчу "Галатасарайдын" негизги курамы менен машыгууда


Бекназ Алмазбеков машыгууда.
Бекназ Алмазбеков машыгууда.

Түркиянын "Галатасарай" футбол клубунун жаштар командасында ойногон кыргызстандык Бекназ Алмазбеков 7-февралда клубдун негизги курама командасы менен машыга баштады. Бул тууралуу футбол клубдун расмий "Инстаграм" баракчасы маалымат таратты.

16 жаштагы кыргызстандык футболчу Түркиянын суперлигасында бул апта "Галатасарай" - "Кайсериспор" командаларынын беттешинде ойной турганы айтылууда.

"Галатасарай" футбол клубунун жаштар командасында ойногон Бекназ Алмазбеков Түркияга 2019-жылы келген. Ал буга чейин түрк медиасынын мактоосуна арзып, соцтармакта клубдун жетекчиси Фатих Теримдин "ханзаадасы" деп атыккан.

2020-жылы Алмазбеков Акыйкат оюн боюнча эл аралык комитетинен (International Fair Play Committee) футбол беттешинде таза оюн көрсөткөнү үчүн World Fair Play Awards сыйлыгына татыган.

Анда 2019-жылы март айында "Галатасарайдын" 14 жашка чейинки оюнчулары "Стамбул спорт" командасы менен беттешкен. Оюндун 42-мүнөтүндө галатасарайчылардын капитаны Бекназ Алмазбеков чабуул коюп баратып, атаандашын алдоо учурунда жыгылып кеткенде калыс пенальти дайындаган. Бекназ эсепти жаңыртуу ордуна пенальти болбогонун айтып, көрүүчүлөрдү да, атаандаштарын да таң калтырган.

Калыс чечимин өзгөртпөй, пенальти тептиргенде Бекназ буга каршылык билдирип, топту дарбазага эмес, четке тээп койгон. Кыргызстандык жаш футболчунун бул аракетин атаандаштары да кол чаап кубаттап, түркиялык жана дүйнөлүк медиа анын үлгү көрсөткөнүн жазып чыгышкан.

Эл аралык комитет Бекназ Алмазбековдун бул кадамын таза, акыйкаттуу деп баалап, абройлуу сыйлыкты тапшырган. Спортчунун футболдогу жетишкендиги үчүн Түркиянын университеттери да сыйлыктарды тапшырган.

1905-жылы негизделген "Галатасарай" клубу Түркиянын суперлигасында ойнойт. Учурда чемпионатта турнирдик жадыбалда 20 клубдун арaсынан 13-катарда бара жатат. Аталган клуб 22 жолу Түркиянын чемпионатын жеңип, 18 жолу өлкө кубогун, 16 жолу Суперкубогун уткан. УЕФА Кубогунун жана Суперкубогунун ээси. (ElB)

XS
SM
MD
LG