Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:46

Зулушев прокурорлордун соттук териштирүүлөрүнө катышарын айтты


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 20-февралдан баштап аймактардагы прокурорлордун ишмердүүлүгүн күтүүсүз текшерүү башталарын билдирди. Бул тууралуу Зулушев 7-февралда өткөн прокуратуранын жыйынында айтты.

“Облустук, райондук прокурорлор, орун басарлары жана өзүм дагы айтпай- дебей соттук териштирүүлөргө катышабыз. Шаарбы, башкабы баарына катышабыз. Бардык маселелерди кошуп, 20-февралдан баштап текшерүү кылабыз. Ар бир башкармалык барып текшерет, кечинде мен барып жыйналыш өткөрөм”, - деди Зулушев.

Башкы прокуратуранын 2021-жылдагы аткарылган иштердин жыйынтыгы, алдыдагы жылга пландар бекитилген жыйында прокуратура кызматкерлерин соттор менен кызматташып, чечимди биринчи соттон кабыл алууга аракет болушу керектиги айтылды.

2021-жылдан баштап Башкы прокуратурага бир катар укуктар берилген. Жаңы Конституцияда башкы прокурордун мыйзам демилгелөөгө укугу бар. Башкы көзөмөл органда атайын тергөө башкармалыгы да түзүлгөн, коррупциялык мүнөздөгү бардык иштер ошол жакта каралары кабарланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG