Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттоону сунуштады

Садыр Жапаров жана Си Цзинпин.

Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттоо маселесин изилдөө сунушун берди, кытай тарап аны карап көрүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.

Анда аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жаңы темир жолдорун куруу, анын ичинде “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу маанилүү экени жазылган. Тараптар бул долбоорду илгерилетүү үчүн аракеттерди көрүшөт.

Садыр Жапаров Кытайдын лидери Си Цзинпинди ыңгайлуу убакта Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Президент 3-6-февраль күндөрү Кытайга жумушчу сапары менен барып келди. Анда расмий Бээжин Кыргызстанга коронавируска каршы 5 млн. доза вакцина, 50 млн. юань кайтарымсыз жардам берери белгилүү болду. (BTo)

Дагы караңыз

Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу соттук иш башталдыСот Даулет Ергожинди камакка алууга уруксат бердиСокулукта сабалган бала Бишкектеги ооруканага которулдуМадумаров жашыруун жаздырылган аудио-видеолордун тарашын сынга алды Жергиликтүү тургундар Хорогдо абал курч экенин айтып, бийлик аны четке кагуудаОшМУ: шайлоодо кызматынан четтетилген декан сотко кайрылды Алихан Ураимов блогер менен болгон окуяга түшүндүрмө бердиПарламентте УКМКнын ишмердигине тиешелүү долбоорлор талаш жараттыМинистр Бейшеналиев: баламдын коттежиндеги өрттүн себеби белгисизКыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча кезектеги жолугушуу 10-февралда өтөт