Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:09

Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу соттук иш башталды


Санжар Сапарбеков сот залында.
Санжар Сапарбеков сот залында.

Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунда 7-февралда президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө шек саналып жаткан Санжар Сапарбековдун соттук иши башталды.

Сотко жабырлануучу тараптан - Медет Садыркуловдун жубайы Айнагүл Садыркулова жана аны менен кошо өлтүрүлгөн эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Сергей Слепченко менен айдоочу Кубат Сулаймановдун жакындары катышууда.

Ишти Аламүдүн райондук сотунун судьясы Бакыт Касымалиев карап жатат. Сотто 25-январда иш боюнча алдын ала угуу өткөнү белгилүү болду. Бирок жабырлануучу тарап алар алдын ала угууга чакырылбаганын айтышты. Прокурор бул милдеттүү эмес деп түшүндүрдү.

Санжар Сапарбеков сот залында.
Санжар Сапарбеков сот залында.

Санжар Сапарбеков былтыр ноябрь айында кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынган. Айрым маалыматтарга караганда, ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жакын чөйрөсүндөгү адамдардын бири болгон.

Айыпталып жаткан тарап комментарий берген эмес.

Медет Садыркулов, эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулайманов 2009-жылы 13-мартта табышмактуу жагдайда каза болгон. Алардын сөөгү Чүйдө өрттөнгөн машинеден табылган. Ошол кездеги бийлик бул окуяны автокырсык катары сыпаттаган.

2010-жылы Апрель ыңкылабынан кийин Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу кайра иш козголуп, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевге “бул иштин башында турган, буйрук берген” деген айып коюлган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 2011-жылы мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын, милициянын жана Чек ара кызматынын жогорку деңгээлдеги жана катардагы 17 кызматкери жоопко тартылган.(BTo/KS)

XS
SM
MD
LG