Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Мадумаров жашыруун жаздырылган аудио-видеолордун тарашын сынга алды


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Кыргызстанда адамдардын жеке жашоосуна байланыштуу аудио, видеолор жашыруун жаздырылып алып, алардын таратылып жатканын сынга алды.

Бул тууралуу ал 7-февралда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында айтты. Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ишмердигин жөнгө салган беш мыйзам долбоору талкууланды.

“Бүгүн улуттук коопсуздук органдарынан тескерисинче кыргыз жарандарын коргош керек болуп калды. Башта кылмышкерлерден коргош керек болсо, азыр коопсуздук кызматынан, милициядан, прокуратура, соттордон кыргыз жарандарын коргош керек болуп атат”, - деди Мадумаров.

Өткөн айда журналист Болот Темиров жана анын командасы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганынын аты аталган журналисттик иликтөө жарыялаган.

“Эки күндө 37 млн. сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы” деген темадагы материалда “Кыргыз Петролеум Компани” мамлекеттик ишканасы “Регион Ойл” деп аталган компанияга мазут сатканы, жеке компания мазутту сыртка экспорттоп, эки күндүн ичинде 37 млн. сом тапканы айтылган.

Ташиев менен анын жакындары бул маалыматтарды четке каккан.

Иликтөө жарыялангандан көп өтпөй анын автору Болот Темиров жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаров баңгизатка байланыштуу айыпталып кармалып, коомчулуктун нааразычылыгынан кийин үй камагына чыгышкан.

Бул окуялардан кийин Болот Темиров менен аялынын телефон сүйлөшүүлөрү жашыруун жаздырып алынган аудио тараган. Ошондой Temirov Live YouTube каналынын кызматкерлеринин жеке жашоосу тууралуу автору белгисиз видеолор чыккан.

УКМК видеотасмалардын тарашына эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG