Кытай жибекти коңшуларынан сатып алат

Кытайга сырттан экспорттолгон жибек жана жибек өнүмдөрүнүн төрттөн үч бөлүгү коңшу Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандан барат. Расмий маалыматтарга караганда, Кытай өзбек жибегин сатып алуучулардын сап башында турат.

2021-жылы Кытай Өзбекстандан 38 млн. доллардык жибек алган. Бул жалпы экспорттун 43% түзөт. Экинчи орунда 16,2 млн. долларга жибек сатуу менен Кыргызстан, үчүнчү орунда 12,6 млн. доллар менен Тажикстан турат.

2021-жылы Өзбекстандын жибегин дүйнөнүн 18 өлкөсү Вьетнам, Иран, Бириккен Араб Эмирликтери, Индия, Түштүк Корея, Ооганстан, Түркмөнстан, Түркия, Пакистан, Казакстан, Орусия, Франция сатып алган.

Дагы караңыз

Кышкы Олимпиада: жасалма кар жана чектөөлөрКыргыз медицинасы: Катардын акчасы кармашка себеппи?Алматыда акимдерди шайлоо жолу менен тандоону талап кылган митинг өтүүдөМинистрлик: Травматология борборун жоюу мыйзам чегинде ишке ашуудаПрезиденттин ыйгарым укуктуу өкүлү Сокулукта сабалган балага барды