Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:07

Министрлик: Травматология борборун жоюу мыйзам чегинде ишке ашууда


Оорукананын алдындагы акция. 4-февраль, 2022-жыл.
Оорукананын алдындагы акция. 4-февраль, 2022-жыл.

Саламаттык сактоо министрлигинин юристи Азамат Жумакеев Бишкектеги Травматология жана ортопедия боюнча илим изилдөө борборун таркатуу мыйзам чегинде ишке ашып жатканын, министрликтин бул буйругун борбордун директору Сабырбек Жумабеков да жакшы билерин "Азаттыкка" маалымдады.

"Борборду түзүү тууралуу буйрук 2004-жылы чыккан. Ошондо эле бир катар мыйзам бузуулар менен борбор түзүлгөн. Эми анын ордуна травматология жаатында илим изилдөө борборун кайра түзүү же аны ооруканага айлантуу маселесин өкмөт чечери жаңы мыйзамда көрсөтүлгөн. Демек, министрлик эч кандай мыйзам бузган жок", - деди юрист.

Бүгүн, 5-февралда Бишкектеги Травматология жана ортопедия боюнча илим изилдөө борборун таркатып, анын ордуна шаардык "тез жардам" ооруканасын түзүү тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги чыгарган буйрукка каршы бир нече адам министрликтин алдына акцияга чыгышты. Алар министр Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкасын талап кылып, борборду сактап калуу зарылдыгын айтышты.

4-февралда министр Бейшеналиев Сабырбек Жумабековду директорлук кызматтан бошотконун жарыялаган. Сабырбек Жумабеков президент Садыр Жапаров айтмайынча кызматынан кетпей турганын билдирген.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия боюнча илим изилдөө борбору ооруларды реабилитациялоо жана илимий багыттагы дарыгерлерди даярдоо максатында 2004-жылы мурдагы Бишкек шаардык №4 оорукананын базасында түптөлгөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG