Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:41

Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Сокулукта сабалган балага барды


Жыпариса Рысбекова Сокулук райондук ооруканасында.
Жыпариса Рысбекова Сокулук райондук ооруканасында.

Президенттин балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова бүгүн, 5-февралда зордук-зомбулукка кабылып, Сокулуктагы жалпы медициналык практика борборуна жаткырылган баладан кабар алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Рысбекова менен чогуу ооруканага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова, Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев, Сокулук райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жана Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери барышты.

Жолугушууда алар баланын ден соолугун көрүп, окуянын чоо-жайы менен таанышты.

Бул факт Сокулук районунун ички иштер башкармалыгына катталып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Балдар укугу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова зомбулук көргөн наристенин үй-бүлөсүн социалдык жактан колдоого алуу боюнча иштерди тез арада уюштурууну жергиликтүү кызматтарга тапшырды.

Сабалып, аймактык ооруканага жаткырылган эки жаштагы бала тууралуу маалымат милицияга 3-февралда кечки саат 9 чамасында түшкөн.

Кыргызстанда буга чейин дагы ата-энесинен, жакын тууганынан, же бала багуучудан токмок жеп, ооруканага түшкөн учурлар катталган. Социалдык тармактарда чуулгандуу видеолор жарыяланган.

ЮНИСЕФ маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдардын 73% үй-бүлөдөгү ташбоор мамиледен жапа чексе, 83,5% мектептеги зомбулуктун курмандыгы болот. (BCh)

XS
SM
MD
LG