Садыр Жапаров менен Си Цзинпин темир жол куруу долбоорун талкуулайт

Садыр Жапаров Кытай сапарын утурлай 24-январдан тартып аралыктан иштөөгө өткөн.

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев Садыр Жапаровдун Кытайдагы иш сапары тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, Жапаров Бээжиндеги кышкы Олимп оюндарынын ачылыш аземине катышат. Кытайдын төрагасы Си Цзинпин баштаган жетекчилер менен жолугат, анда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.

“Талкуулана турган негизги маселелердин бири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жол линиясын куруу перспективасы болмокчу. Соода-экономикалык кызматташуунун алкагында кыргыз тарап “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрмө бекеттеринин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу маселелерин көтөрөт. Мындан тышкары кыргыз делегациясы энергетика, тоо кен, айыл чарба жана билим берүү тармактарында бир катар долбоорлорду улантууну ниеттенип, инвестициялык кызматташуу маселелерин талкуулоого даяр”,-деди Кулубаев.

Садыр Жапаров Кытай сапарын утурлай 24-январдан тартып эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сактоо зарылдыгынан улам аралыктан иштөө режимине өткөн. Ал Бээжинде 3-5-февраль күндөрү иш сапар менен болот.

Дагы караңыз

Түркия: коронавирус бир суткада 100 миң кишиден аныкталдыCOVID-19: беш бейтап каза болду Кыргызстан ири кендерди өзү иштетүүгө бел байладыЖамгыр: эки адамдын өлүмү менен аяктаган кырсыкты комиссия иликтеп жатат