Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:32

Кыргызстан ири кендерди өзү иштетүүгө бел байлады


Президент Садыр Жапаров жана "Кумтөр Голддун" убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк Кумтөр кенинде. 2021-жыл, 15-июнь.
Президент Садыр Жапаров жана "Кумтөр Голддун" убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк Кумтөр кенинде. 2021-жыл, 15-июнь.

Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү ири кендерди ата мекендик компаниялар иштете турганын билдирип, бул үчүн “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” мамлекеттик ишканасын түздү.

Буга чейин Кыргызстанда кендерге сынак жарыяланып, көпчүлүк учурда лицензия чет өлкөлүк компанияларга берилген. Коррупциялашкан жана дайыма чыр-чатак менен коштолгон тоо-кен тармагын мамлекет иштететсе кандай тобокелдиктер күтүп турат?

"Сынагы жок эле берилет"

Министрлер кабинети Кыргызстандагы ири мамлекеттик маанидеги кендерди жергиликтүү компаниялар иштете турганы тууралуу билдирүүсүндө, мисал катары Ысык-Көлдөгү "Тоголок алтын", Таластагы "Андаш жез", "Талды-Булак алтын" кендерин атаган.

Бул жана башка кендерди иштетүү үчүн “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” мамлекеттик ишканасы түзүлдү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бийликтин кендерди иштетүү демилгесин түшүндүрүп берди.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

“Кендерди “Улуу көчмөндөрдүн мурасына” бергенге акыбыз бар. Кумтөр менен салгылашып жатып, мыйзамды ошентип оңдодук. Мыйзамга сынак болушу керек деп жазып алып, дүйнөдө эң оңой казыла турган алтын кени Жерүйдү алдырып жибердик. Мындан ары андай болбойт. Биз бирөөнүн кенин талашпайбыз, бош кендерди алабыз. Алардын бардыгы сынагы жок эле "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" деген холдингге берилет. Холдинг геологиялык изилдөөлөрдү жасап, фондулук базарга чыгып, өздөрү акча табат. Кумтөрдүн кантип акча тапса болот деген модели бар. Мындан ары кендерди жөн эле кор кыла бербей, өз кызыкчылыгыбыз үчүн иштетебиз деген ниетте мыйзамдарын дагы жаздык”.

Жапаровдун айтымында, кен иштетүүнү мамлекет колго алуу үчүн алгач казынадан 500 млн. долларга жакын каражат бөлүнөт. Жапаров кенди биргелешип иштетүү сунушу болсо, ириде мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынган шарт коюларын кошумчалады. Министрлер кабинетинин демилгеси буга чейин берилген кендерге тиешеси жок, сөз бош жаткан кен байлыктар тууралуу болууда.

Кайсыл жердеги кендер иштетилет?

Азырынча "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" мамлекеттик холдинг жөнүндө кенен маалымат жок. Юстиция министрлигинин сайтында холдинг 2021-жылдын декабрь айында түзүлүп, жетекчиси Бөлтүрүк Теңиз Аяпберген уулу экени жазылып турат.

2021-жылы июнь айында “Кумтөр Голд” компаниясын убактылуу тыштан башкарып жаткан Теңгиз Бөлтүрүк ишканадан түшкөн кирешеге Кыргызстандагы башка кендерди да ачуу пландалып жатканын айткан.

Анда ал "Тоголок алтын" кени, Таластагы "Андаш жез", Талды-Булак алтын кени жана Нарындагы Жетим-Тоо темир кендерин атаган.

Теңиз Бөлтүрүк жана Садыр Жапаров.
Теңиз Бөлтүрүк жана Садыр Жапаров.

“Кумтөр кенинин жанында 30 чакырым аралыкта Тоголок деген алтын кени бар. Анда бери дегенде эле 100 тоннага чейин алтын бар. Кенди чалгындап, аны да кошобуз. Андан тышкары Таластагы Андаш, Талды-Булак, Нарында Жетим-Тоо темир кени турат. Бала-Чычкан деген да өтө чоң кен бар. Мен долбоорлоо менежермин. Чет мамлекеттен команда алып келип, бул жактагы жакшы балдарды чогултуп, ошолорду жүргүзөлү деп жатабыз”, - деди Бөлтүрүк.

Өз алдынча кен иштетүүдөгү тобокелдиктер

Министрлер кабинетинин буйругу менен 100% мамлекеттик үлүшү бар ишканаларга жер казынасын пайдаланууга лицензия берүүгө тыюу салган мораторий алынды.

Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, кендерди пайдалангандардын (Кумтөрдөн тышкары) рекультивациялоо фондунун каражаттары (340 млн сомго жакын) мамлекеттик банктарда (РСК Банк жана Айыл Банк) топтолот.

Тоо-кен адиси Дүйшөн Камчыбековдун пикиринде, эбегейсиз каражатты талап кылган чалгындоо, кен казуу үчүн учурда кыргыз бийлигинин казынасы чектелүү. Камчыбеков бийликтин өз күчү менен кен ишетүүдөгү тобокелдиктерине токтолду.

Дүйшөнбек Камчыбеков.
Дүйшөнбек Камчыбеков.

“Аябай жакшы, бирок ишке ашырууда каржы жагынан көйгөй жаралат. Тоо-кен долбооруна 100 миллиондогон акча кетиши мүмкүн. Бул бир-эки жыл ичинде чечилип калчу маселе эмес. 100% өзүбүз иштебиз деген мүмкүн эмес. Мисалы, “Кыргызалтын” ишканасы толук мамлекеттики. Бирок, анын биргелешкен компаниялары бар. “Алтын кенде” 40%, “Макмалда” 30% жана Терек-Сайда үлүшү бар. Балким ошондой жолду тандайбыз”, - деди Камчыбеков.

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров мамлекеттик ишканалардагы коррупциялык тобокелдикти эске салды. Ал чет элдик же жергиликтүү деп карабастан кен казууда ачык сынак менен лицензия берилип, көзөмөлдү күчөтүү менен керек деген ойдо.

“Жеке ишканаларга караганда мамлекеттик компанияларда коррупция күчтүү. Мамлекет шарттардын аткарылышын, коррупцияны көзөмөлдөп, жеке менчик компанияларга берсе болот. "Канча алтын өндүрүлсө мынча пайызын төк, жергиликтүү элдин белгилүү пайызы ишке алынышы керек" деген сыяктуу шарттар так жазылышы зарыл. Мисалы, мамлекеттик “Мегаком” компаниясынын бир жылдык кирешеси 1,5 миллиардга чыкса, экинчи жылы 500 млн. сом болуп жатат. Ортодогу акчанын эсеби жок”, - деди Абакиров.

Айрым серепчилер Кыргызстанда акыркы 10-20 жылдын ичинде тоо-кен тармагында коррупция тамыр жайып, казуу, чалгындоо үчүн лицензия оңду-солду берилгенин айтып келет. Өлкөдөгү кендердин көпчүлүгү Кытай, Орусия, Казакстан же түркиялык инвесторлор тарабынан иштетилет.

Кыргызстанда кен иштетүүдө жергиликтүү эл менен инвестордин ортосунда дайыма чыр чыгып, фирма кызматкерлерин сабап, имарат-техникаларын өрттөп жиберген окуялар катталып турат.


Кыргызстандагы тоо-кен тармагын анализ кылып жүргөн эксперт Аркадий Рогальский айрымдардын кирешелүү тармактарда мамлекеттик ишканаларга ишеним артпай турганын, үлгү боло турган ийгиликтүү компаниялардын жок экени менен түшүндүрөт. Бийликтин бул демилгеси дагы ара жолдо калбашы үчүн чакан кендерден баштоону сунуштады.

“Мамлекеттин үлүшү бар компания ишенимди актай албай жатат. Ошол эле учурда бардык инвесторлор дагы жакшы иштейт дегенге болбойт. Ошентсе да ийгиликтүү иштеп жаткан жеке ишканалар көп. Азыркы мезгилде ийгиликтүү иштеп жаткан мамлекеттик ишканалар - “Кыргызнефтегаз” жана “Кыргызалтын” өздөрүнүн активи болгон үчүн инвесторлорду таап жатат. Мен азыр такыр эле сынчыл көз караш менен карагым келбейт. Азыркы бийликтин демилгеси иштеп кетишине ишенгим келет. Бирок, айрым тынчсыздануулар бар. Өкмөт дароо ири кендерден эмес, кичинеден баштап, мисал катары көрсөтүп бериши керек. Ошондо гана инвестор, каражат өзү келет. Азыр абдан чоң долбоорду алганы жатышат. Ага биринчиден кадр, техника, технология жетишпейт”, - деди эксперт.

2021-жылы президент Садыр Жапаров расмий кызматка киришкен 28-январдан кийинки эле алгачкы жарлыктарынын бири кен казуу тармагын реформалоого байланыштуу болгон. Анда Тоо кодексин иштеп чыгып, стратегиялык кендердин мамлекеттик компаниялардын иштешине шарт түзүү каралган.

Өкмөт ишетүүгө белсенген кендердин таржымалы

Министрлер кабинети "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" мамлекеттик ишканасы аркылуу иштетилиши мүмкүн деп аталган Таластагы Талды-Булакта алтындын 23 тоннадан ашык, жездин 24 миң тонна, Андаш кенинде 22 тонна ашык алтын, 80 миң тоннадай жез, Жети-Өгүздөгү Тоголок кенинде 17 тоннага чейин алтындын запасы бар.

2011-жылы Талас районундагы Арал айылына жакын Талды-Булак алтын кенин чалгындап жаткан “Копер Голд” компаниясынын тоо этегиндеги кампалары өрттөлүп, кызматкерлери сабалган. Кен чалгындоо иштери токтотулган.

Ал эми Андаш кенин чалгындоону алгач 2005-жылы Andash maining company башталып, аны кийин австралиялык Kentor Gold компаниясы каржылай баштаган. Кенди чалгындоо иштери башталгандан бери жергиликтүүлөр менен чыр-чатак ырбап, акыры 2011-жылы парламенттин чечими менен жабылган.

Ысык-Көл облусунун Кытай менен чектешкен Тоголок ашуусунда алтын кенин чалгындоо иштерин 2006-жылдары кытайлык компания жүргүзө баштаган. Бирок, ал кен ачылган эмес.

2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин келген бийлик тушунда Нарындагы эң ири Жетим-Тоо темир кени боюнча сөздөр жанданган. Бирок, учурда кендин иштелиши боюнча суроо ачык турат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG