Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:23

Жамгыр: эки адамдын өлүмү менен аяктаган кырсыкты комиссия иликтеп жатат


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучу тууралуу алдын ала маалымат берилгенин билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучу тууралуу алдын ала маалымат берилгенин билдирди.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы "Вертекс Голд Компани" ишканасы казган Жамгыр кенинде эки адамдын өлүмү менен аяктаган кырсыкты атайын комиссия иликтеп жатат жана корутундусу 5-февралда жарыяланат. Бул тууралуу 1-февралда парламенттин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетинин жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди.

Жыйында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов аймактагы аба ырайы тууралуу алдын ала маалымат берилгенин, кен казылган жерде кар көчкү түшүрүү иштери жүргүзүлбөшү керектигин айтты.

"21-январда саат 13:00дөр чамасында Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка унаа жолунун кар көчкү жүрүү коркунучу бар тилкеде "Глобал Жамгыр Майнинг" ишканасынын 1991-жылкы кызматкери жана "Вертекс Голд Компан" компаниясынын 1992-жылкы кызматкери кар түшүрүшкөн. Натыйжада эки кызматкер кар көчкүнүн алдында калган",-деди Шамырканов.

Буга чейин жеригилктүү тургундар аталган ишкананын уу калдыктар сакталган жайы суунун жанына курулганына каршы болуп, аны жабууну талап кылышкан. Ошондой ал аймакта көчкү жүрүү коркунучу жогору экенин билдиришкен.

"Вертекс Голд Компани" 2011-жылдан бери Жамгыр кенин иштетет. Ал кенде 1,5 тонна алтын жана 685 килограмм күмүштүн кору бар экени аныкталган.

XS
SM
MD
LG