Чек ара: Төрт-Көчө, Ворух, 39-протокол

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз-Тажик чек арасындагы 27-январдагы куралдуу жаңжалдан кийин 29-январда эки тараптуу сүйлөшүүнүн экинчи айлампасы өттү. Жолугушууга Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимов баштаган эки тараптын расмийлери катышты. Жолугушууда эки тарап эч кандай документке кол койгон жок.