Пакистандын аскер кызматтары Белужистан провинциясындагы жикчилдердин чабуулунан улам он аскерин жоготконун маалымдады.
Расмий органдар кабарлагандай, жоочулар Кеч районундагы постко кол салышкан. Аскерлер ошол жердеги атышууда каза болгон. Чабуул жасагандардын бири жок кылынды. Чабуул 26-январга караган түнү жасалды деп айтылат маалыматта. Козголоңчулардын үчөө кармалган, калгандарын издөө уланууда.
Жикчил топ деп саналган "Белужистандын боштондук фронту" чабуулду уюштурганын айтып чыкты. Кыймылдын басма сөз кызматы өздөрүнөн бир киши өлгөнүн ырастап, "17 полицияны жок кылганын" билдирген.
Пакистандын бийлиги өлкөдөгү экинчи чоң шаар Лахордогу базарда 20-январдагы жарылуудан эки адам набыт болуп, кеминде 20 киши жаракат алганын кабарлады. Бул чабуулга "Белуж улуттук армиясы" (БУА) жоопкерчилик алган.
Белужистан провинциясында жикчилдер бир нече топ түзүшкөн. Ооганстан жана Иран менен чектешкен бул аймактын белуж козголоңчулары мурдатан бери Пакистандан көз карандысыздык алууга аракет кылып келет. Аймакта жардыруулар жана диний кагылыштар улам-улам кайталанып турат. 2004-жылы мындагы кагылыштар миңдеген адамдардын өмүрүн алган. (ErN)
Дагы караңыз
Чек арадагы атышууда кыргыз тараптан жараат алгандар 12ге жетти Баткен: Чек арада жараат алган он адам ооруканадаКыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды эки тараптуу комиссия иликтейт Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашты