Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:57

Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашты


Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканын 28-январда саат 04:10до Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согд облустарынын жетекчилери баштаган расмий делегациялардын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.

Алар: атышууну толук токтотуу, чек арага тартылган кошумча күчтөрдү жана каражаттарды кайра артка алып кетүү, Баткен – Исфана автожолун толук ачуу, чек ара тилкесинде биргелешкен күзөт уюштуруу.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, эки өлкөнүн делегациялары чыр башталган Төрт-Көчө деген жерге барышты. Ал жерде азыр Баткен- Исфана жолу боюнча кыймыл тоскоолдуксуз жүрүп жатканы маалымдалды.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирүүдө.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атоодо. Тажик тарап Кыргызстанды айыптап жатат.

Кыргыз тараптан жети адам жараат алды. Тажикстандан 17 адам жараат алганы бейрасмий кабарланды. (RK)

XS
SM
MD
LG