Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:37

Баткен: Чек арада жараат алган он адам ооруканада


Баткен. Облустук оорукана. 2022-жылдын 28-январы.
Баткен. Облустук оорукана. 2022-жылдын 28-январы.

Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесинде 27-январда болгон куралдуу кагылышта жараат алган 10 бейтап азыркы учурда облустук ооруканада жатат. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен маалымдагандай, алар баары аскер кызматкерлери.

Жетөө оорукананын травматология бөлүмүндө, үчөө хирургия бөлүмүндө дарыланууда.

Баткен ооруканасы.
Баткен ооруканасы.

Баары тең майда сынык тийип, жараат алгандар. Алардын абалы тууралуу азырынча расмий маалымат бериле элек.

Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин жараат алгандар жетөө экенин маалымдап, алардын абалын дарыгерлер орточо оор деп мүнөздөп жатышканын билдирген.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Тараптар атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканы 28-январда саат 04:10до маалымдалды.

Тажикстандан 17 адам жараат алганы бейрасмий кабарланды. (KhU/RK)

XS
SM
MD
LG