Саламаттык сактоо министрлигинин 28-январь, таңкы саат 07:00гө карата берген маалыматы боюнча, Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу кагылышта ар кандай жараат алган 11 киши облустук ооруканага жаткырылды.
Маалыматта алардын абалы орточо оор экени айтылды.
“Азаттыктын” кабарчысы буга чейин алардын баары аскер кызматкерлери экенин билдирген. Жетөө оорукананын травматология бөлүмүндө, үчөө хирургия бөлүмүндө дарыланууда.
27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген. Тараптар атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканы 28-январда саат 04:10до маалымдалды.
Тажикстандан 17 адам жараат алганы бейрасмий кабарланды.
Дагы караңыз
Баткен: Чек арада жараат алган он адам ооруканадаКыргызстан менен Тажикстан чек арадагы атышууну толук токтотуу тууралуу макулдаштыЧек ара тилкесинде жашаган 1470 адам эвакуацияланганы кабарландыКыргыз-тажик чек ара тилкесинде жети конуш электр жарыгысыз калды