Токаев Дарига Назарбаеванын кудасын кызматтан алды

Борбордук шайлоо комиссисясынын мурдагы төрагасы Берик Имашев.

25-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Берик Имашевди Борбордук шайлоо комиссисясынын төрагалыгынан кетирип, анын ордуна Нурлан Абдировду дайындады. Президенттин жарлыгы шейшембиде Акордонун сайтында жарыяланды.

Берик Имашев - экс президенттин тун кызы Дарига Назарбаеванын кудасы. Назарбаеванын уулу Нурали Алиев Имашевдин кызы Аидага үйлөнгөн.

61 жаштагы Имашев бул кызматка чейин юстиция министри, президенттин жардамчысы, Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп келген.

Январь окуяларынан кийин буга чейин мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин күйөө балдары, жээндери кызматтан кетишкен.

Дагы караңыз

Бишкекте лифтте калган 40тан ашык адам куткарылдыКыргызстан Энергошакекчеден чыгып, өз алдынча жарык бере баштадыЖол чырактар иштебей жаткандыктан, ЖККК күчөтүлгөн тартипке өттүБайсалов: электр энергиясындагы авария Кыргызстандын аймагында болгон жок