Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:52

Байсалов: электр энергиясындагы авария Кыргызстандын аймагында болгон жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Электр энергиясындагы авария Кыргызстандын аймагында болгон жок. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Твиттердеги" баракчасына жазды.

"Биздин энергетиктер жарыкты бир, бир жарым саатта Бишкекте, андан кийин башка аймактарда калыбына келтирүүнү убадалап жатышат. Кырсык Кыргызстандын аймагында болгон эмес", - деп жазды Байсалов.

Энергетика министрлигинин маалымат катчысы Жийде Зоотбекова учурда Чүй менен Жалал-Абадга электр энергиясы берилгенин билдирди. Башка аймактарга дагы этап-этабы менен берилип жатканын кошумчалады.

25-январда түшкө маал Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында электр энергиясы өчтү. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы жарык Борбор Азия боюнча өчкөнүн, "Кыргызстан Энергошакекчеден чыгып, оз алдынча жарыкты калыбына келтире" турганын билдирди.

Энергетика министрлиги Кыргызстандагы Жылуулук Электр Борбору, ГироЭлектр станцияларында авария болбогонун кабарлады.

Социалдык тармактарда Нарын, Ош, Талас, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын бир катар аймактарында электр энергиясы, анын артынан Бишкек, Ошто таза суу дагы өчкөнүн жазышууда.

Казакстан менен Өзбекстандын ЖМКлары дагы өлкөнүн бир катар аймактарында жарык жок экенин билдиришти.

Кургакчылыктан Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү кескин түшүп кетип, өлкөдө энергетикалык таңкыстык жаралды. Кыргызстан жылына болжол менен 15 млрд. кВт/саат электр жарыгын керектейт.

Кыргызстан Токтогулдагы суунун аздыгынан оор кырдаалдын алдын алуу үчүн Казакстандан, Өзбекстандан алмашуу жолу менен электр энергиясын алып жатат. Электр жарыгын Түркмөнстандан да импорттой баштаган.

2013-жылы 12-январда Борбор Азия энергетикалык айлампасында эки ири авария болгон. Жамбыл-Фрунзе 500 кВт линиясы да иштебей калган. Кыргызстан Токтогул-Фрунзе линиясынан гана электр жарыгын алып калган. Электр энергиянын 40% Токтогул – Ташкент – Чымкент – Жамбыл аркылуу келип, Фрунзе көмөк чордонунда бөлүштүрүлөт. Кыргызстанга эки чоң линия Казакстан менен Өзбекстан аркылуу келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG