Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:54

Жол чырактар иштебей жаткандыктан, ЖККК күчөтүлгөн тартипке өттү


Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын маалымат катчысы Тилек Исаев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, учурда Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кыймылын кызматкерлер башкарып жатышат. Ишке бардык кызматкерлер тартылган.

“Бишкек шаарында жол чырактары өчкөнүнө байланыштуу азырынча жол кырсыктары катталган жок, бирок мезгил -мезгили менен жол тыгындары пайда болду. Эс алуудагы кызматкерлер да жумушка тартылды”,-дейт Тилек Исаев.

Маалыматка караганда, шаарда үч миңден ашык жол кесилиштери бар, жол коопсуздук кызматкерлери анын баарын көзөмөлдөөгө жетишпейт.

Электр энергиясынынын үзгүлтүккө учурашына байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматына кандайдыр бир кырсык боюнча кайрылуу болгон эмес. Министрликтин маалыматына таянсак, бүгүн 400 телефон чалуу болгон. Анын ичинде кандайдыр бир кырсыкка учурап, куткаруучулардын жардамын сурагандар жок.

Кыргызстандын бир топ аймактарында түшкү саат 12ден өткөндө электр энергиясы өчүп калды. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы жарык Борбор Азия боюнча өчкөнүн кабарлады.

Казакстан менен Өзбекстандын маалымат каражаттары дагы өлкөнүн бир катар аймактарында жарык жок экенин билдиришти. Энергетика министрлигинин акыркы маалыматы боюнча Бишкектин жарымында жарык кайра күйдү. (JsA)

XS
SM
MD
LG