Орус бийлиги Навальныйды "террорчулардын" тизмесине кошту

Орус оппозициясынын лидери Алдексей Навальный. 17-январь, 2021-жыл.

Орус бийлиги камактагы Кремлдин келишкис сынчысы Алексей Навальныйды жана анын бир нече санаалашын "террорчулардын жана экстремисттердин" тизмесине кошту.

Навальный жана анын өнөктөштөрү Любовь Соболь, Вячеслав Гимади, Георгий Албуров, Лилия Чанышева жана Руслан Шаведдиновдун аты-жөндөрү "Росфинмониторингдин" тизмесинде 25-январда пайда болду. Ал тизмеде ошондой эле ашынган улутчул топтор, "Талибан", "Ислам мамлекети" сыяктуу чет элдик террорчул уюмдар дагы бар.

Орус мыйзамдарына ылайык, тизмеге киргизилген адамдардын банктык эсептери дароо камакка алынышы керек. Эки аптадай мурда бул тизмеге Навальныйга жакын дагы эки адам - Леонид Волков менен Иван Жданов кошулган.

Былтыр Мосгорсуд Навальныйга байланышы бар баардык уюмдарды "экстермисттик" деп тапкан. Бул уюмдар менен кызматташкан адамдар да узак убакытка кесилиши мүмкүн.

2020-жылы Орусияда “Новичок” химиялык затына ууланып Германияда дарыланган Навальный 2021-жылдын башында Москвага келери менен камалган. Ал Кремлдин көрсөтмөсү менен ууландырылганын айтып келет. Москва бул дооматты моюнга алган эмес. Евробиримдик Навальныйдын камалышына жана ууландырылышына байланыштуу орус аткаминерлерине санкция салган.

Дагы караңыз

Бишкекте лифтте калган 40тан ашык адам куткарылдыКыргызстан Энергошакекчеден чыгып, өз алдынча жарык бере баштадыЖол чырактар иштебей жаткандыктан, ЖККК күчөтүлгөн тартипке өттүБайсалов: электр энергиясындагы авария Кыргызстандын аймагында болгон жок