Бишкектеги кайра шайлоо: БШК жалпы 16 талапкерди каттады

БШК.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңешке Бишкектеги №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча кайра шайлоого баш-аягы 16 талапкерди каттады.

Алар Боршайкомго бардык тиешелүү документтерди берген. Талапкер болуп расмий катталгандардын аты-жөнү БШКнын расмий сайтына жарыяланды.

Бул эки округда 2020-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуштар көп болгондуктан быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган. Боршайкомго кайра шайлоого катышуу үчүн 24-январга карата 49 киши билдирме берди. (КЕ)

Дагы караңыз

COVID-19: Үч бейтап каза болуп, 412 жаңы учур катталдыФутбол матчына кире бериште алты адам тыгында каза болду"Электр станциялары" ишканасынын жетекчиси алмаштыБир жумада коронавирустан 18 адам каза болдуБайден Европанын лидерлери менен украин чегиндеги кырдаалды талкуулайт