“Омикрон” штаммынан улам Индиядагы шайлоодо чектөөлөр кирди

Индиядагы шайлоолордун жүрүшү. Иллюстрациялык сүрөт.

Индиянын шайлоо комиссиясы өлкөдө COVID-19ду жуктургандар арбып, коңшу Кытайда коронавирустун “омикрон” штаммы аныкталгандан улам беш штатта ири саясий жолугушууларды өткөрүүгө тыюу салды. Чектөө 22-январга чейин уланат.

Индиянын калк эң жыш жайгашкан Уттар-Прадеш штатында келерки айда парламентке карата шайлоо өтөт. Өлкөнүн премьер-министри Нарендра Модинин “Бхаратия жаната” (“Элдик партия) партиясы башкарган бул штат 2024-жылы өтө турган улуттук шайлоолор үчүн сыноо болуп саналат.

Кытайда «омикрон» декабрдын ортолорунда табылган. 4-февралда башталып жаткан кышкы Олимпиаданын алдында Кытайдын бийлиги COVID-19дун жайылышын ооздуктоо максатын койгон. Бул үчүн чек араларды жабуу, бүтүндөй шаарларды карантинге алуу, жапырт тест тапшыртуу жана башка чаралар көрүлүүдө.

Өтө тез жайылганы менен айырмалануучу «омикрон» штаммы алгач былтыр ноябрда Түштүк Африкада аныкталган, ошондон бери ондогон өлкөлөргө тарады. Кыргызстанда да бул штамм катталганы 12-январда белгилүү болду. (ErN)

Дагы караңыз

Украинада басылмалар мамлекеттик тилде жазууга милдеттендирилдиӨзбекстан Казакстан менен чек арасын "омикронго" байланыштуу убактылуу жапканын билдирдиБишкек мэриясы: Мектептерди убактылуу жабуу зарылчылыгы бүгүнкү күндө жокCOVID-19: Элүүдөй бейтап өтө оор абалда жатат Австралия соту вакцина албаганы үчүн Жоковичке каршы чечим чыгарды