Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:37

Бишкек мэриясы: Мектептерди убактылуу жабуу зарылчылыгы бүгүнкү күндө жок


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

Бишкекте коронавируска байланыштуу мектептерди жана бала бакчаларды убактылуу жабуу зарылчылыгы бүгүнкү күндө жок экенин 16-январда “Азаттык” радиосуна борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.

Анын айтымында, вируска чалдыккандардын көбү чоңдор, жалпы статистикада балдар 2-4% түзүүдө, азырынча санитардык-эпидемиологиялык кызматтын мектептерди аралыктан иштөөгө өткөрүү тууралуу талабы жок:

“Азырынча балдар боюнча абал туруктуу. Бирок эгер бала же үйдөгүлөрдөн бирөө ооруп жаткан болсо аны мектепке жибербегиле деп суранып жатабыз. Статистика боюнча, ооругандардын 60% көбү 30-60 жаштагылар, 4% 15 жашка чейинки балдар, 2% 15-17 жаштагылар болууда. Бүгүнкү статистикада балдар жок. Буга чейин Октябрь жана Свердлов райондорунан үч бала катталган. Кооптуу жагдай түзүлсө, албетте, чара көрөбүз. Бирок бүгүнкү күнгө карата бардык мектептер стандарт режимде иштөөдө”.

Виктория Мозгачева кошумчалагандай, онлайн окууга өтүү маселеси Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыккан атайын алгоритмге ылайык ар бир класстагы, ар бир мектептеги абалга жараша каралат.

Азырынча Бишкекте бир бала бакча карантинге жабылган бойдон турат.

Соңку күндөрү Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте коронавирусту жугузуп алгандар кескин көбөйүүдө. Вирустун тез жайылуучу “омикрон” штаммы катталганы, Бишкек “кызыл зонага” киргени 12-январда расмий айтылды.

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө айрым ата-энелер мектептерди убактылуу жаап, аралыктан окутууга өткөрүү керек деген пикирин жазып жатышат.

Вице-мэр Мозгачева андай ыктымалдык жаралса шаардын билим берүү системасы даяр экенин кошумчалады.

Бишкекте муниципалдык 97 мектеп, 90 бала бакча бар. Аларда 177 миң окуучу билим алат, 25 миң наристе тарбияланат. (RK)

XS
SM
MD
LG