Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы 12-январда Санкт-Петербург шаарында чатырдан кулаган 17 жаштагы кыргызстандык өспүрүмдүн абалы оор экенин "Азаттыкка" кабарлады.
"2004-жылдын 7-февралында төрөлгөн кыргыз жараны Санкт-Петербургдагы Балдарды дарылоочу клиникада оор абалда жатат. Дарыгерлер анын жамбаш сөөгүнө бир жумадан кийин операция пландалганын элчиликке кабарлаган. Азыркы тапта Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине караштуу Санкт-Петербург шаарындагы кеңсеси кыргызстандык өспүрүмдүн кандай жагдайда чатырдан кулаганын иликтөөдө", - деп билдирди элчиликтин басма сөз кызматы.
Расмий маалыматтар боюнча, Орусияда кыргызстандык 600 миңден ашуун эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсептерде бир миллиондон ашуун кыргыз жараны бул өлкөдө экени айтылып келет.
Алардын канчасы жашы жете элек өспүрүм экени жана кандай шартта жумушка тартылганы тууралуу маалымат жок. (BCh)
Дагы караңыз
“Кызыл зонадагы” Бишкекте коронавируска каршы эмделгендер азАнкара жана Бээжин уйгурлардын маселесин талкууладыНарматова УКМКга чакырылган себебин билбей турганын айтты Коронавирустун 586 жаңы учуру катталды, бир адам каза болдуДепутаттардын сурагы: чек ара протоколу жана диплом чыры