Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:43

“Кызыл зонадагы” Бишкекте коронавируска каршы эмделгендер аз


Жалпы 1 млн. 258 миң 477 адам биринчи доза менен, 1 млн 51 миң 159 жаран коронавируска каршы экинчи доза менен эмделди.
Жалпы 1 млн. 258 миң 477 адам биринчи доза менен, 1 млн 51 миң 159 жаран коронавируска каршы экинчи доза менен эмделди.

Акыркы күндөрү коронавирус аныкталган аймактардын ичинен Бишкек биринчи орунга чыгып, 12-январда "кызыл зонага" кирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматованын айтымында, баш калаада вируска каршы эмдөө жай жүрүп жатат.

Өлкө боюнча 14-январга карата вакцинанын биринчи дозасын 7 517, экинчи дозасын 3 494 адам алды. Жалпы 1 млн. 258 миң 477 адам биринчи доза менен, 1 млн. 51 миң 159 жаран коронавируска каршы экинчи доза менен эмделди.

“2020-жылдын март айынан бери медкызматкерлердин 81 пайызы, билим берүү кызматкерлеринин 78,9 пайызы, 60 жаштан жогору курактагы жарандардын 31,5 пайызы эмдөөдөн өттү. Жарандардын 70 пайызы вакцина алгандан кийин гана жамааттык иммунитет түзүлөт”, - деди Акматова.

Коронавируска каршы жигердүү эмделгендер Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош облустарында байкалып, болжол менен эмделиши керек болгон калктын 70% вакцина сайдырды.

Азыркы тапта өлкө боюнча эмдөө бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, 868 эмдөө пунктарында жана кошумча ачылган 123 пунктунда жүрүп жатат. (BCh)

XS
SM
MD
LG