Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 14-январдагы маалыматына караганда, вирустан бир адам каза болду.
Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 28 267 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 586 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 188 206.
Бир күндө 111 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 660 адам жатат, дагы 2490 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 180 740 киши. (BCh)