Нью-Йорктогу өрттөн 19 киши көз жумду

Нью-Йорктун Бронкс районунда көп кабаттуу үйдө чыккан өрттү өчүрүү маалы.

АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Бронкс районундагы көп кабаттуу турак жайда чыккан өрттөн 19 адам көз жумду, алардын тогузу жаш балдар.

9-январдагы өрт шаар тарыхындагы акыркы он жылдагы курмандыгы эң көп окуя катары катталды. Нью-Йорк калаа башчысы Эрик Адамстын баш кеңешчиси Стефан Рингел курмандыктар тууралуу маалыматты тастыктады.

Өрт чыккан үйдө 50дөн ашык тургун жаракат алып, дагы 13 киши оор абалда. Алардын көпчүлүгүнүн дем алуу органдары жабыркаган.

Тилсиз жоонун алдын алууга шаардын 200дөй өрт өчүргүчү тартылып, 19 кабаттуу имараттагы жашоочуларды куткарышты.

Буга чейин Филаделфия штатында да чоң өрт чыгып, сегиз бала жана төрт кишинин өмүрүн алган.

Дагы караңыз

Бейшеналиев Кыргызстанда "омикрон" штаммы катталбаганын билдирдиЖККУ жыйынына президенттин ордуна Акылбек Жапаров катышатЭлчи Дүйшекеев: пианист Рузахунов менен консул жолугуп жататЭлчи: Алматыдагы окуяларда кыргыз жараны каза болду