Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:45

Бейшеналиев Кыргызстанда "омикрон" штаммы катталбаганын билдирди


Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Президент Садыр Жапаров менен, 30-октябрь, 2021-жыл.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Президент Садыр Жапаров менен, 30-октябрь, 2021-жыл.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда коронавирустун "омикрон" штаммы катталбаганн маалымдады.

Бул тууралуу ал 10-январда "Биринчи радиого" кабарлады. Министр "омикрон" штаммы өлкөдө катталса, ага ооруканалар, лабораториялар толугу менен даяр экенин кошумчалады.

"Өлкө боюнча жаңы технологиялар менен жабдылган эки вирусологиялык лаборатория иштеп жатат. Ал жакта вирустун жаңы штаммы текшерилет. Дагы ушундай сегиз лаборатория ачуу пландалууда", - деди министр.

10-январга карата коронавирус өлкөдө 198 кишиге жукту, бир адам каза болду. Вирустан курмандыктарынын жалпы саны 2819 адамга жетти. Азыр ооруканада 459 ​адам жатат, дагы 952​ бейтап үйдөн дарыланууда. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG