Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:24

ЖККУ жыйынына президенттин ордуна Акылбек Жапаров катышат


Ушул тушта Казакстанда ЖККУнун канча жоокери бар экени беймаалым.
Ушул тушта Казакстанда ЖККУнун канча жоокери бар экени беймаалым.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 10-январда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезексиз онлайн жыйынына катышат. Анда Казакстандагы соңку кырдаал жана аны жөнгө салуу жолдору талкууланат.

Мунун алдында ЖККУнун Казакстанга жөнөтүлгөн аскерлеринин командири Андрей Сердюков аталган уюмдун жоокерлери Алматы менен анын жака-белиндеги стратегиялык объектилерди "көзөмөлдөп" жатканын, алар кырдаал толук жөнгө салынганча болорун кабарлаган.

Ушул тушта Казакстанда ЖККУнун канча жоокери бар экени беймаалым, айрым булактарга караганда алардын саны миңден ашат жана басымдуу бөлүгү Орусиядан жөнөтүлгөн.

Уюмдун бейпилдик күчтөрүнүн миссиясынын курамына кирген Кыргызстандын 150 аскери 7-январда Алматыга жеткирилген.

Буга чейин Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен казак бийлигинин "ондогон адам каза тапкан каршылык акцияларын басууга ЖККУнун аскерлерин жардамга чакырганы суроо жаратат" деп билдирген.

Казакстандагы башаламандыктарда канча киши көз жумганы азырынча белгисиз. Бийлик буга байаныштуу расмий билдирүү тарата элек. Буга чейин 164 адам өлгөнү расмий жарыяланган, бирок көп өтпөй өкмөт муну "техникалык ката" деген негизде четке каккан.

Буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери жана "куралчан" 26 адам өлгөнү тууралуу маалымат чыккан. Балдар акыйкатчысы Аружан Саин Алматыда эки бала октон кайтыш болгонун билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, жалпысынан алты миңге чукул адам кармалды. Президент жана бийликчил маалымат каражаттары Казакстандагы башаламандыктарды "чет жерде даярдыктан өткөн террорчулар" уюштурганын билдирип жатат.

Казак полициясы кармалгандардын арасында "кошуна мамлекеттердин жарандары" бар экенин билдиргени менен кайсы өлкөлөрдүкү экенин тактаган эмес.

Бүгүн Казакстан соңку кайгылуу окуялардан улам аза күтүп жатат.

XS
SM
MD
LG