Президент Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат

Кыргыз-казак чек арасында токтоп турган жүк ташуучу автоунаалар.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына онлайн катышат.

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, Казакстандын төрагалыгында өтүп жаткан жыйында ЖЕЭК мүчө мамлекет башчыларына 2021-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы жана 2025-жылга чейинки Евразиялык экономикалык интеграциянын стартегиялык багыттарын өнүктүрүүдө камтылган иш-чаралардын аткарылышы тууралуу маалымат берилет.

Мындан тышкары, Евразиялык экономикалык биримдикте жүк ташууларга байкоо салуу үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууга кол коюлушу, Евразиялык экономикалык биримдиктин 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылга карата бюджетинин долбоору каралат деп күтүлүүдө. Күн тартибине ЕАЭБдин 2022-жылдагы эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, ошондой эле интеграциялык процесстерге байланыштуу маселелер кирген.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өткөрүлүп берилет.

Евразия Экономикалык Биримдиги 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин, 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

Соңку жылдары Евразия Экономикалык Биримдигиндеги мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени тууралуу пикирлер коомчулукта жана парламентте байма-бай айтылып келет. Айрым эл өкүлдөрү ачык эле биримдиктен чыгып кетүүнү сунуш кылышкан.

Дагы караңыз

Коронавирустан эки бейтап каза болду, 53 адамга жуктуУКМК: синтетикалык маңзат тараткан кылмыштуу топ аныкталды Шайлоо-2021: Добуштар кайра санала турган тилкелердин тизмеси бекитилди Байден Ирандын өзөктүк дипломатиясы көйгөй жаратса кошумча чаралар көрүлөрүн эскертти