Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:55

Шайлоо-2021: Добуштар кайра санала турган тилкелердин тизмеси бекитилди


БШК имараты.
БШК имараты.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тактоо иши уланууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын 9-декабрдагы отурумунда добуштар кайра саналып чыга турган тилкелердин тизмеси жана графиги бекитилди.

Алар – Ош облусундагы Көк-Жар, Ноокат, Араван, Ош жана Төлөйкөн округдары, Жалал-Абад облусундагы Жалал-Абад, Сузак, Токтогул округдары, Талас облусундагы Манас, Талас округдары, Чүйдөгү Ысык-Ата, Нарындагы Кочкор жана Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл округу.

БШК маалымдагандай, бул округдар боюнча добуштарды кайра саноо 10-11-декабрда жүргүзүлөт. Ага партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар жана журналисттер катыша алат.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөн. Добуштар адегенде автоматтык эсептөөчү үкөктөрдө, андан кийин колго саналып, жыйынтыгы Боршайкомдун сайтына жарыяланды.

90 орундун 54ү үчүн 21 партия ат салышкан. Баштапкы жыйынтык боюнча мандаттардын 15и "Ата Журтка", 12си "Ишенимге", 9у "Ынтымакка", жетөө "Альянска", алтоо "Бүтүн Кыргызстанга", бешөө "Ыйман Нуруна" тиймей болууда. Калган 36 мандат бир мандаттуу округдардан өз алдынча шайланып келген депутаттарга тиет.

Шайлоонун расмий жыйынтыгы 18-декабрга чейин белгилүү болушу зарыл.

Добуш берүү күнү Боршайкомдун сайтындагы маалымат системасы үзгүлтүккө учурап, жаңылангандан кийин айрым партиялардын добушу азайып калган. Алар БШК алдында нааразылык акциясын өткөрүшкөн жана добуштар бурмаланганын айтып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Боршайком бурмалоо болбогонун, техникалык гана ката кеткенин жана анын жалпы жыйынтыкка таасири жок экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG