Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Байден Ирандын өзөктүк дипломатиясы көйгөй жаратса кошумча чаралар көрүлөрүн эскертти


Жо Байден.
Жо Байден.

Кошмо Штаттар Ирандын өзөктүк дипломатиясы көйгөй жарата турган болсо ага каршы кошумча чаралар көрүлөрүн эскертти.

АКШ президенти Жо Байден ошондой абалдын түзүлүп калуу ыктымалдыгына даяр туруу керектигин өзүнүн командасына эскерткенин Ак үйдүн расмий өкүлү Жен Псаки 9-декабрда билдирди.

Иранда бийлик алмашкандан бери бул өлкөнүн өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр беш айлык тыныгуудан кийин өткөн аптада улана башатаган. Ага Иран, Улуу Британия, Франция, Германия, Орусия жана Кытай катышууда.

2015-жылы аталган өлкөлөр жана АКШ кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзүнүн өзөктүк программасын чектемек. Бул үчүн өлкөгө каршы киргизилген экономикалык санкциялар бара-бара алынмак.

2018-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп келишимден чыгып кетип, санкциялар калыбына келе баштаган. Ошондон кийин Ислам жумурияты документтеги милдеттенмелерин аткаруудан баш тарткан.

АКШнын азыркы президенти Жо Байден Иран шарттарга баш ийсе, документке кайтууга кызыкдар экенин билдирген.

Батыш Иран өзөктүк куралдын үстүнөн тымызын иштеп жатканын айтып келсе, Тегеран бийлиги программасы тынчтык максаттарын гана көздөрүн билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG