Президент Садыр Жапаров бир катар социалдык мекемелердеги тамактанууга каралган акча каражатын эки эсе көтөрүү тууралуу жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, 1-январдан тартып Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы мекемелерде жашаган балдардын, улгайган жарандардын, майыптыгы бар адамдардын жана жетим балдардын, ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдардын тамак-ашына каралган каражат эки эсе көбөйөт.
Жапаров 3-декабрда Чүй облусунун Беловодское айылындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барганда каражатты көбөйтүү тапшырмасын бергени айтылган.
Беловодское балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин директору бир баланын тамак-ашына күнүнө 110 сом бөлүнөрүн айткан.
Дагы караңыз
Мьянма: Аун Сан Су Чжи төрт жылга кесилдиЖапаров дыйкан-фермерлер жер салыгынан бошотуларын билдирди7-декабрда тоолуу райондордо кар жаайтЖумгалда кызын зордуктоого шектелген киши 15 жылга кесилди