Кыргызгидрометагенттиги кабарлагандай, 7-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында жамгыр, кар жаайт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн -11...-16, күндүз 0...-5,
Ысык-Көл дубанында түнү -2...-7, күндүз 2...7,
Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз 6...11,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз 7...12,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 8...13,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсун -18...-23, күндүз -2...-7°.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн -1…+1, күндүз 9…11°.