Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:46

Мьянма: Аун Сан Су Чжи төрт жылга кесилди


Мьянманын мурдагы жарандык лидери, Нобель сыйлыгынын лауреаты Аун Сан Су Чжи.
Мьянманын мурдагы жарандык лидери, Нобель сыйлыгынын лауреаты Аун Сан Су Чжи.

Мьянмада (Бирма) сот өлкөнүн мурдагы жарандык лидери, Нобель сыйлыгынын лауреаты Аун Сан Су Чжини төрт жылга эркинен ажыратты. Ага коронавирус чектөөлөрү маалында санитардык эрежелерди бузган жана коомду бөлүнүп-жарылууга шыкактаган деген айыптар тагылды.

Бул жыл башында бийликке аскердик хунта келгенден берки Аун Сан Су Чжиге чыгарылган биринчи өкүм. Ага дагы бир нече беренелер боюнча айып тагылышы мүмкүн. Жалпысынан өлкөнүн мурдагы жарандык лидери 100 жылга эркинен ажыратылышы ыктымал. 76 жаштагы Аун Сан Су Чжинин адвокаттары баардык айыптоолорду четке кагып жатышат. Ал өзүнө тагылган айыптарды мойнуна алган жок. Анын тарапкерлери муну саясий куугунтук деп эсептешет.

Аун Сан Су Чжи 2016-жылдагы шайлоодон кийин Мьянманын лидерине айланган. Ал эми быйыл 1-февралда аскерлер жарандык өкмөттү кулаткан. Хунта жетекчилиги "Демократия үчүн улуттук лига" партиясы өткөн жылдын ноябрь айындагы шайлоодо жапырт фальсификация аркылуу жеңишке жеткен деген пикирде.

Июль айында шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Бийликке хунта келгени Мьянмада ири демонстрациялар күч алды. Аларды күч менен таркатууда миңден ашык киши көз жумган.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму 6-декабрда билдирүү таратып, Аун Сан Су Чжиге чыгарылган өкүмдү "Мьянмадагы эркиндикти муунтуп, бүткүл оппозицияны жок кылуунун" акыркы мисалы катары сынга алды.

XS
SM
MD
LG