Жумгал райондук соту өз кызын эки жылдан бери зордуктап жүргөн деген шек менен кармалган 54 жаштагы тургунду 15 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу райондук соттон тастыкташты.
Ал 15 жылга соттолуп, аталык укуктан ажыратылган.
Ушул жылдын сентябрь айында өз кызын зордуктап жүргөн деген шек менен, мурда аялын өлүмүнө айыпталып, соттолуп чыккан адам кармалган.
Кылмышка шектүү 2010-жылы абакка кесилген. Сот аны 16 жылга эркинен ажыраткан. 2018-жылы пробацияга илинип, эркиндикке чыккан.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча мурдагы жылдары жашы жете электерге карата 1101 кылмыш иши катталган, анын 150дөн ашууну жыныстык мүнөздө болгон.
Кыргызстанда 25-ноябрдан тарта аялдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакырган 16 күндүк акция башталды. Баткенден башталган өнөктүк "Зомбулукту токтот, коркпо, жаша!" деген ураан алдында өтүүдө.
Дагы караңыз
Түркия: оппозиция Эрдогандын отставкасын талап кылды"Кыргыз көмүр": Кара-Кечеде көмүр казылып жататАбдиева: Аял жетектеген жерде киреше көп 7-декабрда тоолуу райондордо кар жаайт