Аксыда айрым добушканалардагы эмдөө нааразылык жаратты

Эмдөө жүргүзүлүп жаткан участок. Аксы району, Жалал-Абад облусу. 28-ноябрь, 2021-жыл.

Аксы районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагындагы алты шайлоо тилкесинде эмдөө жүрүп жатканына байланыштуу айрым шайлоочулар добуш берүүгө барбай жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Тилек Турдубаев "Азаттыкка" маалымдады.

"Биз эртең менен шайлоочулар аз добуш берип жатканынан бир сыйра участкалардан кабар алганы барсак, жарандар шайлоого кирбей, "эмдөө жүрүп жатат" деп нааразы болуп жатышыптыр. Медайымдар менен айыл өкмөт башчысы "бул акимдин буйругу" деп айтышты. Аймактагы алты шайлоо тилкесинде тең эмдөө жүрүп жатат. Шайлоочулар эмдөөнү токтотуусун талап кылып жатышат", - дейт Турдубаев.

Бул окуя боюнча Үч-Коргон аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Назира Курбанбаева маалымат берүүдөн баш тартты.

Ал эми Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков эмдөө тартип боюнча күн сайын болоорун ырастап, бирок шайлоо тилкелеринде эмдөө жүрбөгөнүн билдирди. Анын айтуусунда, нааразылыктан улам саат 11ден тартып бардык тилкелерде эмдөө убактылуу токтотулган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Шайлоо: Аксыдагы нааразылык

Коронавирус илдетинин жайылуусунун алдын алуу максатында Кыргызстанда март айынан бери эмдөө жүрүп жатат. Аймактарда жана шаарларда медициналык мекемелерден тышкаркы жерлерде да кошумча эмдөө түйүндөрү ачылган.

28-ноябрга карата Кыргызстанда жалпы 2 миллионго чукул адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 1 миллион 102 миң 406 адам вакцинанын биринчи дозасын, 887 128 адам эки дозасын тең алды.

Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүп жатат. Шайлоого партиялык тизме аркылуу 21 саясий партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54ү депутат болуп келет.

Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин жеңип чыккан 36сына мандат берилет.

Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат. (TB/ZKo)

Дагы караңыз

Бишкек менен Чүйдө добуш берүү солгун жүрүп жатат (карта)Шайлоо: Сахалинде добуш берүү аяктады Саат 16:00гө карата добуш берүү көрсөткүчү 22% аштыОрусиянын Эл артисти Александр Градский көз жумдуНарын: Саат 16:00гө карата шайлоочулардын 26,3% добуш бердиМилиция: Таласта акча таратылганы тууралуу маалымат такталган жокКоронавирустун "Омикрон" түрү Британия менен Германияга жеттиЖапаров ЭКУга мүчө өлкөлөрдү Ооганстанга жардам көрсөтүүгө чакырды