Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

Жапаров ЭКУга мүчө өлкөлөрдү Ооганстанга жардам көрсөтүүгө чакырды


Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары саммитте. 28-ноябрь, 2021-жыл.
Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары саммитте. 28-ноябрь, 2021-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ооганстандагы социалдык-экономикалык абал Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө өлкөлөргө түздөн-түз таасирин тийгизет деп эсептейт. Мамлекет башчы бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Ашгабадда өтүп жаткан ЭКУнун 15-саммитинде билдирди.

Садыр Жапаров аймакта тынчтык жана туруктуулук болмоюнча экономикада ийгиликтүү кызматташуу мүмкүн эместигин эскертти.

"Ооганстандагы социалдык-экономикалык абал өзгөчө тынчсыздандырат. Кыргызстан Кабулга жана алыскы Кичи, Улуу Памирдеги элге гуманитардык жардам жеткирди. Мындан тышкары, Кыргызстанда окуп жаткан ооган студенттерге виза берүүнү улантуу чечими кабыл алынды. Ооганстандын жарандык согуштун туңгуюгуна түшүп кетишине жол бербөө үчүн болгон күч-аракетти жумшоо маанилүү",- деген Жапаров.

Мамлекет башчысы ЭКУга кирген өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүү деңгээлинин ортосундагы айырманы азайтуу максатында биргелешкен чараларды көрүүгө чакырып, Кыргызстан буга бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.

Түркмөнстандын Ашгабад шаарында ЭКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын 15-саммити өтүп жатат.

Аталган уюмга Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Ооганстан, Өзбекстан, Пакистан, Тажикстан жана Түркмөнстан мүчө. Кыргызстан уюмдун курамына 1992-жылы кирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG